Алмазбек Атамбаев: "Фейк технологиясы сөз эркиндигинин беделин түшүрүп, кадырын кетирип койбош керек"

Бүгүн, 30-мартта президент Алмазбек Атамбаев Эркин Европа Радиосу/Азаттык Радиосу медиакорпорациясынын президенти Томас Кентти анын өтүнүчү боюнча кабыл алды. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Томас Кент Кыргыз өлкөсү ар дайым региондогу башка өлкөлөрдөн демократияга умтулгандыгы жана сөз эркиндигин урматтагандыгы менен айырмаланарын белгиледи. “Биз аны көрүп турабыз жана ошондуктан кызматташууну улантууга кызыкдарбыз. Эркин Европа Радиосу/Азаттык Радиосунун Кыргызстанда иштөөдө жакшы тажрыйбасы бар", - деди Томас Кент.

Президент Алмазбек Атамбаев кыргыз эли үчүн сөз эркиндиги жана адилеттик деген түшүнүктөр ар дайым өзгөчө мааниге ээ болуп келгенин, ал эми бүгүн адам укуктарын жана эркиндигин сыйлаган укуктук, демократиялык мамлекетти куруу жолунда өлкө татаал этапты башынан кечирип жатканын белгиледи.

"Демократиялык коомдун эң маанилүү жетишкендиги болгон сөз эркиндигинин жана ачык-айкындуулуктун азыркы жетишилген деңгээли менен Кыргыз жарандары сыймыктанышат жана баалашат. Бирок, тилекке каршы, өлкөдө кеңири орун алган пикирди билдирүү эркиндиги жалпыга маалымдоо каражаттарына өзгөчө жоопкерчилик тагарын баары эле түшүнө беришпейт. Улам күч алып бараткан фейк технологиясы сөз эркиндигинин беделин түшүрүп, кадырын кетирип койбошу үчүн ЖМК чынчыл жана калыс иштеши керек", - деди Алмазбек Атамбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан