Бүгүн, 31-мартта Бишкекте бош орундар жарманкеси өтө тургандыгын Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы маалымдады.
Жарманке кыргыз-орус славян университетинин имаратында өтөт. Ага Бишкектеги 20дан ашык ишкана, уюмдардын өкүлдөрү келип өздөрүндөгү бош жумуш орундары менен жумуш издеген тургундарды тааныштырышат.
"Жумушсуз жарандарга ылайыктуу жумуш издөө жана мындан ары ишке орношуу үчүн шаарыбыздын ишкана, уюмдарындагы 4000ге жакын бош жумуш орундарынын тизмеси сунушталат. Бул иш-чарага бардык каалоочуларды катышууга чакырабыз", - деп айтылат башкармалыктын маалыматында.