Кен чыккан жерлерди иштетүү сынагына тоо жумушчулары катышпай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта парламентте "Жай олтуруп баарлашуу" долбоорунун алкагында тоо-кен өндүрүшү жана геология ассоциациясынын президенти Орозбек Дүйшеев билдирди.
Ал айткандай, тоо жумушчулары сынакка катышпаганы үчүн “Жер-Үй” чет өлкөлүктөрдүн колуна өтүп кетти. “Кыргыз мамлекетинде кен байлыктарын башкаруу жок. Бүтүн дүйнөдө бул тоо кен байлыгы адистештирилген чарба, ошондуктан адистер керек”, - деди ал.
Мындан тышкары Орозбек Дүйшеев "Бажылык тарифтер жөнүндөгү" мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди.
Мыйзам долбоордо баалуу металлдарды камтыган кен жана концентрат түрүндөгү чийки заттарды экспорттоодогу бажы төлөмдөрүнүн көлөмүн товардын бажылык наркынан 25 пайыз төмөн эмес деӊгээлде белгилөөнү сунушталган. Анын демилгечилери “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаттары Мирлан Бакиров, Зиядин Жамалдинов ,КСДП фракциясынын депутаты Айнуру Алтыбаева, “Кыргызстан” Айтмамат Назаров, “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Акылбек Жамангулов.