Улуу Британияда 90 жаштагы согуш ардагери жынысын алмаштырды

Улуу Британияда 90 жаштагы Экинчи дүйнөлүк согуштун ардагери жынысын алмаштырды. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда мындан бир нече жыл мурун Лестершир графтыгынын тургуну Питер Дэвис ысымын Патриция деп өзгөртүп, документтерин алмаштырып, гормон терапиясынан өтүүнү чечкен.

"Башында бул чечимим тууралуу кошуналарыма айтсам, алар туура кабыл алышты. "Бул нерсе сени бактылуу кылып жаткандан кийин кабатыр болуунун кереги жок" дешти", - дейт ал.

Согуштун ардагери бала чагынан бери башка эркек балдарга окшош эмес экенин сезип жүргөн, бирок бул тууралуу башкаларга айтуудан корккон. 2015-жылы Дэвис башкы ролдо актриса-трансгендер Ребекка Рут ойногон британиялык "Boy Meets Girl" комедиясын көргөн. Аталган тасма анын жынысын алмаштыруусуна түрткү болгон.

"Ийинимден оор жүктү алып салгандай эле сезип жатам өзүмдү. Ушул убакка чейин жалган менен жашап келиптирмин", - дейт сүйүнгөн Патриция.

1945-жылы 18 жашында ал аскерге чакырылган. Көп өтпөй Ыраакы Чыгышка жөнөтүлүп, Япония менен болгон согушка катышкан, андан соң Индияга жөнөтүлгөн. Мекенине кайтып келгенден кийин сүрөтчү болуп иштеп, үйлөнүп, жубайы менен 63 жыл бирге жашаган. Үй-бүлө кургандан кийин 60 жылдан соң жубайына жогорудагы маселеси тууралуу айткан. Ал эми аялы аны түшүнүү менен кабыл алган. Түгөйлөрдүн бирге өмүр сүрүшкөнүнө 63 жыл болгондо жубайы көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Aza96
2017-03-31 18:02:31
Мындан коро согушта жарылып ошол жерин чачырап кеткенде жакшы болмок жок дегенде баатыр болуп олот элен кызтеке болгончо.
+7
frunzee12
2017-03-31 18:27:11
каапыр ииий каапыр, жөн өлбөйт экен да, тообо кылдым. Мындай ыпластыктан Ислам дин гана кайтарат достор.
+1
Aidani
2017-03-31 18:28:10
Ха ха олтуросунор го
+1
Bubu88
2017-03-31 18:35:25
Аялга эле окшош экен го
+2
Eldiarkrasavchik
2017-03-31 18:40:35
Супер инфо сураныч ушуга окшогон биздин салт санаага,динибизге туура келбесен маалыматтарды бербей эле койбойсунарбы? Светтик олкодо жашап жатабыз деп бир жолу ар нерсени суйлосо боло берет экен дебей.Силер кыргыздардын арасындагы эн таанылган сайт болсонор.мындай маалыматтар таратканынар жарабайтко дейм.Ким кепилдик берет элдин арасында мындайлар жок деп.алар деле ушинтсек болот экен,кантип болбосун деп ойлошпойбу?
-2
Zinazima
2017-03-31 20:56:00
Eldiarkrasavchik,сизге кызыгы жок болсо окубай эле коюун да эмнеге куйугосуз жазып чыкпагыла деп
+1
Kubat.karagulov
2017-03-31 18:47:09
Өлляя дечү беле мындайды.Карыган шайтан сөз жок не дешти билбейсиң
+1
Nuura-shirin
2017-03-31 19:02:59
Кудай сактаа ушундайларды жазбайле койсонор
+1
talant87
2017-03-31 19:15:15
90жаштагы секелек кыз болуптурда эрге тийбеген
+1
bond02
2017-03-31 20:49:20
Аялдын сообуна калбасам да эркектин сообуна калайын деген го.
-2
zafar.kgz92
2017-03-31 22:47:59
АЛЛАХ баарыбызды кандай жаратса ошондой олумду Берген бул иши учун да сууроо жообу бар бул отуп кеткен акмакчылыкда ....
+2
Guliza85
2017-04-01 02:30:27
Эркек болуп торолуп,аял болуп олойун деген го бечара ...олсо балдары "атакелеп"ыйлашабы...же "апакелеп"ылашабы...
+1
farida.kg.1991
2017-04-01 11:18:05
байбуй жынынысын алмаштырып не пайда табат андан көрө тезирээк кураандарды сүрөөлөрдү жаттап ал ак кепин сатып алсын өлсө ак кепинге оролуп кететта.
+2
Azamat_15
2017-04-01 11:43:20
Кыймылсыз мулку менен оокаты отпой ,чакан ишкана ачып алыптыр да
0
Rasul94
2017-04-01 14:30:43
аны не кыласынар не болсо оно болсун да
0
Bolunbo.kyrgyz
2017-04-01 23:45:46
Динсиз болсо ушу да Ислам дини болбойт дейсинер мына динсиздик кудай озу сактасын бизди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан