Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев сот аркылуу өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдейт. Бул тууралуу ал бүгүн, 31-мартта журналисттерге билдирди.
"Мен өзүмдүн актыгыма толук ишенем. Тергөө жүрө берсин. Чындык үчүн мен аягына чейин күрөшөм", - деди Сарпашев.
Айта кетсек, бүгүн, 31-мартта Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевге жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жооптуу кызматкерлерине карата "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Тергөөнү УКМКнын тергөө башкармалыгы жүргүзүп жатат.