КСДП фракциясынын депутаттары Марат Аманкулов менен Ирина Карамушкина Крымга жеке сапар менен бардык деп билдиришкен эле. Алардын Крымдагы саясий жолугушууга катышып жаткан сүрөттөрү учурда талкууга түштү.
Крым Республикасынын мамлекеттик кеңешинин расмий сайтына 20-мартта жайгаштырылган маалыматка караганда Жогорку Кеңештин депутаттары бир катар чет өлкөлөрдүн парламенттеринин жыйынына катышышкан. Крымдагы мамлекеттик кеңештин төрагасынын орун басары Ремзи Ильясов менен жолугушууга Кыргыз депутаттарынан сырткары Улуу Британия, Сербия, Чехия, Бразилия жана башка өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышышкан.
Айта кетсек, депутаттардын Крымга барышы боюнча 27-мартта Украинанын Кыргыз Республикасындагы элчиси Микола Дорошенко Кыргыз өлкөсүнүн Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын жөнөткөн. Бул боюнча Марат Аманкулов Крымга жеке сапары менен барганын айтып, ал жакта саясий билдирүү жасабаганын белгилеген.