Кочкор районунда 2 мектептин мугалимдеринин маянасын жогорулатуу боюнча долбоор даярдалууда

20-мартта Кочкор районундагы айылдардын мектептеринде эмгектенген мугалимдердин айлык акылары кыскаргандыгына байланыштуу Семиз-Бел айылынын мугалимдери нааразылык акциясына чыгып, маяналарын мурунку калыпка келтирүүнү талап кылышкан. Эгер алардын талабы аткарылбаса, бүгүн, 31-мартта мугалимдер иш ташташмак.

Эскерте кетсек, Кочкор районунун Арсы жана Семиз-Бел айылдары бийик тоолуу аймакка кирүүгө 10 метр жетпей калган. Андан сырткары Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 1997-жылы 25-июнунда чыккан 377-токтомундагы шарты катаал алыскы аймактардагы айылдардын катарына аталган айылдар кирбей калган. Мындан улам мугалимдердин маяналары эң аз дегенде 20 пайызга, көп дегенде 34,6 пайызга кыскарган.

Семиз-Бел айылынын мектебинин директору Асыл Сулайманова мугалимдерге 28-мартта Нарындагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнүн өкүлү жыйын өткөргөнүн бүгүн, 31-мартта SUPER.KG порталына кабарлады.

"Өкүл Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кат алып келди. Анда бул маселе 10-апрелде чечилери жазылган. Андан улам бүгүн мугалимдер кадимкидей иштешти. Эми 10-апрелдеги чечимди күтөбүз", - деди директор.

Ал эми министрдин орун басары Зууракан Каденова бул маселе боюнча төмөнкүлөрдү билдирди:

"Өлкө боюнча 377-токтомдогу бийик тоолуу аймактарда жана шарты катаал алыскы аймактарда жайгашкан айылдардын тизмесине ушундай маселе жаралган 85 калктуу конуштарды киргизүү боюнча долбоор даярдап жатабыз. Эми кийинки жумада коомдук талкууга коёбуз. Алардын арасында Кочкордогу айылдар да бар. Коомдук талкуудан кийин министрликтердеги макулдашуудан өтсө, долбоорду Өкмөт бекитет".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tyrgon
2017-03-31 22:54:24
толошсун жешсе кыйын
+1
Azamat_15
2017-04-01 11:34:31
Ак-Талаа району алыскы кыш айы 6 ай, шарты катаал райондордун катарына кирет бирок Ак-Тал,Куртка,Тоголок-Молдо,Ак-Кыя,Кок-Жар,Угут,Байгончок,Жаны-Тилек,Конорчок,Чолок-Кайын айылдары тоолу аймак деген статуска 5-10 метр жетпейт деп киргизбей койушкан.Ошондуктан тоолу аймака баарын киргизишсин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан