МЕДИА-ПОРТАЛ: Алмаз Шаадаев "Карындаш" клибине инисин тартканын, кичинекей каармандар берилүү менен ойноп бергенин айтат

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү карындаштарына арнап ырдагандардын бири - Алмаз Шаадаев. Ырчы аталган ырга клип тартуу иштери Нарын шаарында, Бишкекте болгонун айтат.

"Клиптеги кичинекей каармандарды тартуу үчүн атайын Нарын шаарына барып келдик. Анда жаш баланын образын бир тууган иним Арген жаратты. Ал буга чейин да бир нече клиптерге тартылган эле. Негизи кичинекей каармандар күндүн суугуна карабай берилүү менен жакшы ойноп беришти. Ал эми башкы каарман кызды кичинекей кызга окшотуп, интернеттен издеп таптык", - дейт А. Шаадаев.

Ал эми клиптин сюжети тууралуу буларга токтолду:

"Клиптин идеясы досум Данияр Эрматовго таандык, режиссёру Эрнист Сыдыков. Анда чогуу ойноп өскөн бир тууган карындашын күйөөгө узатып жаткан аганын образы берилет. Жакын адамын турмуш жолуна аттантып жатканда ичи ачышып, экөөнүн бала кезин эстеген учурлар сүрөттөлөт".

Алмаз Шаадаевдин "Карындаш" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aidani
2017-03-31 18:23:54
Мактангандан башканы билбейт экен да
+1
dinar-87
2017-03-31 18:43:22
Жакшы клип болгон менин балдарым берилип корушот.
0
diamond1111
2017-04-01 20:23:37
Ырдагы ритм менен кыймыл аракет дал келбейт. Ыр тез, ылдам а клип жай музыканын коштоосуна жарашмак. Мырзалардын бут кийими кадрда кереги жок болчу, карындашы менен Алмаз бир туугандай эмес эле, мурунку суйушкондордун образын жаратып салышкан. Кичинекей балдарды кобуроок камтыса болмок, кызыктуу балалыгын. Не анча азап тартып Нарынга барды, козго корунчу озгочо кадр жок, болгону кичине кыздын Нарындын суугуна ушуп калганы болбосо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан