КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина бүгүн, 31-мартта SUPER.KG порталына Крымга болгон сапарынын алкагындагы жолугушуу саясий өңүттө болгон жок деп билдирди.
"Депутаттарга "каалоочулар жеке сапары менен Крымга барса болот" деп айтышты. Мен ал жерди өз көзүм менен көргүм келди, ошон үчүн бардым. Крымда Евробиримдик, Чехия, Черногория, Словения Бразилиядан келген депутаттар тобу менен жолугушуу өттү, саясий жыйын болгон жок", - деди Карамушкина.
Украинанын элчисинин нааразылык нота жиберишин эл өкүлү кызмат абалынан пайдалануу деп баалады.
"Элчи бизден отчёт сурап өлкөнүн суверенитетин бузуп жатат. Эмне үчүн ал башка мамлекеттин депутаттарына кайда, кантип баруу керектигин айтышы керек? Эртең менен Черногорияга же Сербияга бара турган болсом андан уруксат сурашым керекпи? Ал биздин өлкөнүн ишине аралашып кызмат абалынан пайдаланып жатат деп ойлойм", - деди Ирина Карамушкина.
Айта кетсек, Украинанын элчиси Микола Дорошенко 27-мартта, андан кийин 30-мартта КСДПнын депутаттарынын Крымга барышы боюнча КРнын Тышкы иштер министрлигине нааразылык нотасын жөнөткөн. Бул боюнча Тышкы иштер министрлиги комментарий берген жок.