Белгилүү орусиялык ырчы жана театр актёру Сергей Лазарев 34 жашка чыкты. Ал 1983-жылы 1-апрелде Москва шаарында төрөлгөн. Сергей бала кезинен өтө зээндүү өскөн. Өзү менен курактуу балдар космонавт, өрт өчүргүч, жоокер болууну кыялданып жүргөн кезде ал ошондо эле артист болууну самаган. Антсе да төрт жашында Сергейди үйүндөгүлөр спорттун гимнастика түрүнө беришет. Бул жаатта ал өспүрүмдөр арасындагы беттештерден орундарга илинет. Бирок спортко караганда анын жан дүйнөсү музыкага жакын эле. Анын музыкага болгон кызыгуусу ошол кездеги жаш балдардын сүйүктүү "Таңкы жылдыз" аттуу берүүсүнөн улам башталган. Аталган сынакка барып катышуу анын максаттарынын бирине айланат. Музыка дүйнөсүнө болгон чоң кызыгуунун деми менен Сергей балдар ансамблине кирет. Бирок ал жактан "Таңкы жылдыз" сынагына катыша албасына көзү жетип, көп узабай ансамблден чыгып кетет. Андан кийин белгилүү "Ордунда турбагандар" балдар ансамблине кабыл алынат. Көп өтпөй ошол жерден Сергейдин ырчылык талантына баа беришип, анын тилеги болгон "Таңкы жылдызга" жөнөтүшөт. Көксөп жүргөн сынакка катышып, жеңиш менен кайтат. "Ордунда турбагандарда" жүрүп Сергей сахна, гастроль, мындайча айтканда, артисттин жашоосу менен таанышат.
Мектепти бүткөн соң профессионалдуу актёрдук билим алуу үчүн МХАТ мектебине тапшырат. Аталган окуу жай болочок жылдыздын дагы бир өнөрүн ачат. Ошентип Сергей спектаклдерге катышып, роль жарата баштайт.
МХАТ мектебинде окуп жүргөндө жакын досу Влад Топалов экөө 2001-жылы "Smash" аттуу топ түзөт. Сергей менен Влад кичине кезинде "Ордунда турбагандар" ансамблинде чогуу ырдашкан. Дуэт ырдап чыгуу идеясы ошондо эле жаралган. "Smash" тобунун чыгармачылык иштерине Владдын ата-энеси көп жардамын тийгизген. Дуэт ырдап чыгуу идеясын да Владдын апасы сунуштаган. Көп узабай элдин оозуна алынып, дуэти радиолордон кете баштаган соң аларга "Universal Music Russia" компаниясынан иштешүү келишими түшөт. Ошондон тартып Влад менен Сергейдин күндөрү концерт, гастролдор менен өтө баштайт. 2002-жылы "Smash" тобу "Жаңы толкун" сынагынын жеңүүчүсү аталат. Ал сынактан кийин топтун популярдуулукка жолу ачылат. 2003-жылы МузТВ каналынын "Жылдын ачылышы", Европа плюс радиосунун "Евро хит", "Алтын Граммофон" конкурстарынын жеңүүчүсү болот. Ал эми "Белл" аттуу ыры хитке айланат. Ошол эле 2003-жылы "Freeway" аттуу ыр жыйнагы миллион нуска менен чыгып, болуп көрбөгөндөй ийгилик алып келет. Бирок кийин аталган топ тарап, Сергей Лазарев жеке ырчы катары жолун улаган.
1-апрелге карата жылнаама.