Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев 1-апрелде Орусиянын муфтийлер кеңешинин төрагасы Равиль Гайнутдинди кабыл алды. Жолугушууда Кыргыз Республикасы жана Орусиянын муфтияттарынын мындан аркы кызматташтыгы талкууланды.
Диний кырдаалдын аймакта жана дүйнөдө өнүгүү тенденциясы, конфессиялар аралык тынчтыкты жана ынтымакты бекемдөөдөгү Ислам дининин ролу жаатында пикир алышуу болгонун кабарлады президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү. Диний экстремизмдин алдын алуу, радикалдашуу коркунучтарын жоюу жаатында өлкөлөрдүн диний уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты жандантуу зарылдыгы белгиленди.