Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев "Мир" телерадиокомпаниясына интервью берди. Анда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Кыргыз Республикасы үчүн мааниси, Ооганстандагы кырдаал боюнча суроолорго жооп берген.
Президент Кыргыз мамлекетинин аталган уюмдан табар пайдасы тууралуу буларга токтолду: "Биз 25 жыл дегенибиз менен, азыркы учурда калыптануу процесси жүрүүдө. ЖККУдагы союздаштардын ортосунда баары бир маселелер бар. Мындан велосипед ойлоп таппай, үйрөнүү керек. ЖККУ НАТОдон көптү үйрөнүшү керек".
ЖККУнун терроризмге каршы туруу кубаты тууралуу да пикирин айтты.
"Ислам мамлекети" тобунун согушкерлери мезгил-мезгили менен Ооганстанда эле эмес, мисалы, Орусияда да аракеттенүүдө. Бул маселеге глобалдуу карашыбыз керек. Биринчи кезекте бул идеологияга каршы мусулман коомчулугунун күрөшүүсүнө жетишүү зарыл. Бир же эки жылда Ислам мамлекетин жок кылууга болот, бирок анын ордуна менимче, кандайдыр бир башка уюм пайда болот. Тилекке каршы, бүгүн ислам өлкөлөрүнөн жарандарда тандоо жок экенин көрүп жатабыз. Бир тарабынан кандайдыр бир монархиялык же авторитардык режим, экинчи жагынан Ислам мамлекети. Бул жерде жалгыз жол: өлкөнү өнүктүрүүнүн нормалдуу, светтик, демократиялык өнүгүү жолу бар экенин ислам өлкөлөрүнө көрсөтүү керек", - деди Алмазбек Атамбаев.