Атактуу америкалык актёр, Голливудда "рекордчу ата" аталган Эдди Мёрфи 56 жашка чыкты. Ал 1961-жылы 3-апрелде Нью-Йорк шаарында полиция кызматкеринин үй-бүлөсүндө туулган. Сегиз жашка чыкканда атасы жумуш учурунда кылмышкерлердин колунан каза таап, баланын андан аркы тагдырын апасы менен өгөй атасы колуна алган.
Мёрфинин куудулдук жайы мектепте окуп жүргөн кезинен эле жакшы өнүгө баштаган. Он бешке чыкканда тамашакөйлүгүнүн аркасы менен көп акча табууга үлгүрөт, башкача айтканда, теледе "Алтынчы күнү кечинде" деген тамашалуу берүүнү алып бара баштайт.
Белгилүү боло баштаган Мёрфи алып баруучулук кесипке канааттанбай, өзүн актёрлук жактан да сынап көрүүнү чечип, эң алгач "48 саат" деген киного тартылат. Анда абакка отуруп, кылмыш дүйнөсүнө аралашкан, мыйзамды бузуп, бирок кийин көп жакшы иштерди аткарып элдин алкышын алган милициянын ролун комедия аралаш эң мыкты аткарган. 1982-жылы "Америкага саякат" ("Поездка в Америку") киносу да жогорку билими жок актёрго көп ийгиликтерди алып келет. Ушул учурдан кийин өгөй атасы менен апасы үчөөнүн ортосунда келишпестиктер пайда болуп, бул жагымсыз көрүнүш анын карьерасына да терс таасирин тийгизип, актёр жумушунан бир топ аксаган. Жети жыл убакыттан кийин гана эл сүйгөн жылмаюусу, бакырайган көздөрү менен кайрадан сыналгыда пайда болгон.
"Акылынан адашкан профессор" ("Чокнутый профессор") киносунда башкы каармандын ролун чагылдырып, жети жылдан бери жоготкон убактысын, солгундай түшкөн ысымын кайрадан жаңыртып, "Жылдын эң мыкты актёру" деп табылат. Ал эми ал тартылган тасманы көрүүгө кинотеатрлардын эшигине чейин элдер тизилип, дээрлик бир жылга чейин өз популярдуулугун жоготпой келген. Ага удаа эле "Доктор Дулити" киносуна катышкандан кийин да андан кем эмес атак алып келет.
Жеке жашоосу
Актёр үйлөнгөнгө чейин анын эки никесиз уулу болгон. Тун уулу Эрик Полетт Маккнили аттуу айым экөөнүн ортосунда төрөлсө, экинчиси Кристианды Тамара аттуу айым жарыкка алып келген.
1991-жылы Э.Мёрфи модель жана дизайнер Николь Митчелл менен сүйүү мамилесин баштаган. 1993-жылы сүйүшкөндөр баш кошушуп, 2005-жылга чейин 5 балалуу болушкан. Түгөйлөр 2006-жылы ажырашып кетишкен.
Кийин актёр "Spice Girls" тобунун мурдагы вокалисти Мелани Браун менен жарандык никеде жашаган. Экөөнүн ортосунда Энжел Айрис Мёрфи-Браун аттуу кыз жарык дүйнөгө келген.
2008-жылы Трейси Эдмондс деген кинопродюсерге үйлөнүп, көп өтпөй ажырашып кетишкен. Төрт жылдан бери Э.Мёрфи жаш модель Пейдж Бутчер менен сүйүү мамилесин куруп келет. 2016-жылдын май айында түгөйлөр Иззи Уну Мёрфи деген кыздуу болушкан.