Бишкектеги жылуулук электр борборунда кытайлык жумушчу каза тапты. Бул тууралуу "Электр станциялар" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 27-мартта орун алды. "ЖЭБде оңдоо иштери жүрүп жатканда, 25 жаштагы жумушчу бийиктиктен кулап каза болду. Ал коопсуздук эрежесин бузган болушу мүмкүн. Ал Кыргыз Республикасынын жараны болгон. Аны жумушка алган кытай компаниясы үй-бүлөсүнө компенсацияны толугу менен төлөп берди", - деп айтылат маалыматта.