Бишкектеги “Ош базарында” баңгизатын саткан 34 жаштагы Дамир аттуу жаран 3-майда кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 6-майда билдирет. Айтылгандай, милиция кызматкерлери Дамирди батыш унаа бекетинен тинтүүгө алганда, анын баштыгынын ичинен 100 даана ширеңкенин кутучасы чыккан. Кутучалардан 2 килограмм 270 грамм өлчөмүндөгү гашиш түсүндөгү баңгизат алынды. Ал эми тергөө учурунда Дамир “Ош базарында” Илхом аттуу досу менен баңгизатты сатканын, ал эми бул 100 даана кутучаны Казакстанга алып кетип бара жатканын айткан. Бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.