Токойлорду коргоо максатында баалуу дарактарды кыюуга тыюу салган мораторий 2022-жылга чейин узартылат

Токойлорду коргоо максатында баалуу дарактарды кыюуга тыюу салган мораторийдин мөөнөтү 2022-жылга чейин узартылат. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Айтмамат Назаров билдирди.

КСДП фракциясынын депутаты Мухтарбек Айнакулов, “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаттары Кенжебек Бокоев, Рада Туманбаева мораторийди 5 жылга эмес, биротоло баалуу дарактарды кыюуга тыюу салуу керектигин айтышты.

Айтмамат Назаров: “Мораторийдин мөөнөтүн мындан да узартууда колдоо табабызбы же таппайбызбы деп күмөн санап, 5 жылга киргизгенбиз. Азыркы учурда коомчулук колдоп жатат. Ошондой эле көпчүлүк үйүнүн короосунда тигилген баалуу дарактарды кыюуга болобу деп сурашкан. Жалпы кыйганга тыюу салдык”, - деп жооп берди.

Кенжебек Бокоев мораторийди бузган жарандарга кандай чаралар көрүлө турганын сурады. Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин өкүлү билдиргендей, аларга протокол түзүлүп укук коргоо органдарына иш өткөрүлүп берилет.

Айтмамат Назаров бул мыйзам долбоорду биринчи окууда колдоп берүүсүн суранып, сунуштарды 2-окууда киргизе турганын билдирди.

Комитеттин депутаттары тарабынан бул мыйзам долбоору колдоо тапты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан