Президент: "Мамлекетибиз 4 жылда түп тамырынан өзгөрдү"

4 жыл мурун Кыргыз мамлекетинде энергетикалык көйгөй курч эле, азыр анын баары артта калды. Бул тууралуу 3-апрелде президент Алмазбек Атамбаев өлкөнү туруктуу өнүктүрүү кеңешинин жыйынында айтты.

"4 жыл ичинде мамлекетибиз түп тамырынан өзгөрдү. Чыр, жол тосуулар, мекемелерди басып алуулар менен өлкөбүздүн аты чыгып жатты эле, эми таза шайлоо менен, Көчмөндөр оюндары менен, тарыхты эскерүү менен, реформалар менен бүт дүйнөгө таанылып жатабыз. Кошуналар тургай Европа башчылары элибизге таң калышып, 4 жылда укмуш реформаларды жасаганыбызды айтып бийик баа берип жатышат", - деди президент.

Жыйынга аталган кеңештин мүчөлөрү, эксперттер жана башкалар катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан