Москва шаарында 31-марттан 2-апрелге чейин 15-татуировка фестивалы болуп өттү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда фестивалга татуировка чеберлери жана дүйнөнүн ар кайсы бурчунан боди-арттын фанаттары келген. Коноктор мастер-класстардан өтүшүп, өздөрүнө татуировка жасатып, сынактарга катышышкан. Ошондой эле иш-чарага денесинде өзгөчө сүрөттөрү бар моделдер дагы келишкен. Бир аял артына канаттай болуп сайылган темирлер менен келген. Кийинки тату-фестиваль июнь айында Санкт-Петербург шаарында өтөрү айтылууда.
Татуировка фестивалы 2002-жылдан бери жыл сайын өткөрүлүп келет. Сынакка бул жылы 500 чебердин атынан 1500дөй адам катышкан. Ал эми сыйлуу орундар үчүн 10 миң евро (болжол менен 720 миң сом) акча бөлүнгөн.
Фестивалга катышкан өзгөчө татуировкасы бар адамдардын сүрөттөрүн назарыңыздарга сунуштайбыз.