Эмне үчүн Кыргыз мамлекетин 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы түзүлөрү айтылды

Кыргыз Республикасын 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү стратегиясын түзүү пландалууда. Бул демилге 3-апрелде Бишкекте "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Өлкөнү 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү кеңешинин жыйынында талкууланууда.

Президент Алмазбек Атамбаев жаңы стратегиянын максатын атады.

"Өлкөбүз өз жолун тапты. Биз эми бул жолду жоготпоо үчүн 5 жылдык эмес, 20, 25 жылдык жол картасын түзүп коюшубуз керек. Эмнеге 2040-жылды тандадык? 2040-жылы Улуу кыргыз каганатынын 1200 жылдыгы белгиленет. 2041-жылы кыргыз эли жаңы замандагы эгемендүү Кыргыз мамлекетинин 50 жылдыгын белгилейт. 50 жылдыкты кантип тосуу керек? Кайсы жол менен барыш керек? Кандай максаттарга жетиш керек? Мунун баарын алдын ала белгилеп алсак, өлкөнүн жолу оңоюраак болот", - деди президент.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан