SUPER.KG порталы бир нече айдан бери күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоо өткөрүүдө. Анын кезектеги 2 апталык айлампасында олуттуу өзгөрүүлөр орун алып, алдынкы бештикке Чубак Жалилов, Садыр Жапаров, Адахан Мадумаров, Сапар Исаков жана Өмүрбек Бабанов чыкты.
Буга чейинки айлампалардагыдай эле, сурамжылоодо биринчи орунга Чубак Жалилов чыкты. Ал президенттик жарышка талапкер катары чыгарын расмий жарыя кыла элек. Бирок аны кийинки президент катары көргүсү келген адамдар карапайым калк арасында көп. Мурунку муфтий Чубак Жалиловдун президенттик жарышка чыгуу амбициясы бар экендиги муфтийди шайлоого байланыштуу аракеттеринен байкалды. Чубак Жалилов муфтийликке талапкер катары өзүн көрсөтпөгөндүгүн, ал кабарды Орусияда жүрүп билгендигин, бирок талапкерлигин алып саларын видео кайрылуу аркылуу билдирди. Анын “ыйманга, элге, мамлекетке кызмат кылыш үчүн сөзсүз эле муфтий болуш шарт эмес, молдонун окуусун окуган адамдар депутат дагы, президент дагы боло алат”, - деген маанидеги сөзү, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоганды мисал келтириши президенттик жарышка даярданып жаткан саясатчыларды ойлонтуп койду.
Эки жума аралыгында Бишкек миңден ашуун адам катышкан бийликке нааразычылык митингинин экинчи толкунуна туш болду. Бул ирет экс-депутат Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги болуп, аны колдоп көчөгө чыккан жарандардын алды асманга ок атуудан тарап, аягы 5 суткага камалып, кылмыш ишине илинип калгандар да болду. Мындай окуялар бир нече айдан бери кескин өзгөрбөй келе жаткан сурамжылоонун жыйынтыктарына таасир берип, Садыр Жапаров президенттикке талапкер катары катышуусу мүмкүн болгон саясатчылардын арасынан суурулуп чыгып, Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаровду басып өтүп экинчи орунга жетти.
Президент Алмазбек Атамбаевдин командасынын өкүлү, Президенттик аппараттын башчысы Сапар Исаков бул ирет убактылуу “көлөкөгө өткөн” Өмүрбек Бабановду артка калтырып, бул айлампада 4-орунду ээледи. Буга чейин сөз кылгандай, Исаковдун рейтингинин көтөрүлүп баратышы эл саясатчылардын буга чейинки армиясынан көңүлү калып, башка жолдорду издей баштаганынан кабар берет.
Мурунку сурамжылоонун жыйынтыктарында бештиктен түшпөгөн, учурда УКМКда камакта отурган Өмүрбек Текебаев бул ирет 6-сапка жылды.
Сурамжылоонун шартына ылайык, 1 пайызга жетпеген добуш топтогону үчүн "Ата мекен" фракциясынын депутаты Аида Салянова тизмеден алынды. "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана коомдук ишмер, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун дагы 1 пайызга жетпеген добуш топтошкон. Алар президенттик шайлоого талапкер катары катышарын расмий жарыялагандыктарына байланыштуу тизмеде калышат.