Парламенттин тийиштүү комитетинде Кыргыз мамлекети менен Польшанын ортосундагы насыя боюнча келишими жактырылды

Бүгүн, 3-апрелде парламентте Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин Кыргыз мамлекети менен Польшанын ортосундагы насыя боюнча келишими жактырылды.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигинин маалыматына ылайык, 40 миллион евро өлчөмүндөгү насыя 25 жылга берилет.

“Келишим боюнча Польша тарабынан насыя берилгенден кийин Кыргыз өкмөтү дыйкандарга 5 пайыздык насыя берет. Бул каражат менен мал союучу жана кайра иштетүүчү ишканалардын курулушун каржыласа болот. Польшанын өкүлдөрү макулдашуунун жактырылышын күтүп жатат”, - деп аталган министрликтин статс-катчысы Максатбек Ташполотов билдирди.
“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Мирлан Бакиров жана КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбеков бул токтом долбоорду колдоо керек экенин айтты. Жыйынтыгында депутаттар тарабынан колдоого ээ болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан