Өмүрбек Бабанов: "Президенттик шайлоо таза өтөрүнө ишенем"

Кыргыз мамлекетинин саясат тармагында саясий атаандаштык бар. Бул жакшы көрүнүш, анткени атаандаштык болгон жерде гана өнүгүү болот. Бул тууралуу 3-апрелде депутат Өмүрбек Бабанов Өлкөнү 2013-2017-жылдары туруктуу өнүктүрүү кеңешинин жыйынында айтты.

Бабанов журналисттердин жоопкерчилигин күчөтүү зарылдыгын айтат.

"Президенттик шайлоонун алдында кара пиар жасап, жалган маалымат жазгандарды жоопкерчиликке тартыш керек. Бийлик тууралуу эле эмес, оппозицияны да каралап жазгандардын жоопкерчилигин караш керек. Өлкөнүн башкы жетишкендиги - стабилдүүлүк", - деди Бабанов.

Депутат президенттик шайлоого карата ийгилик каалаган президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык айтып: "Сиз шайлоого кийлигише албайсыз, бирок тийиштүү мекемелер шайлоону калыс өткөрөт деп ишенем", - деп кошумчалады.

Атамбаев шайлоону таза өткөрүүгө тоскоолдук жараткандарга катаал чаралар көрүлөрүн белгилеп, мамлекеттин буга толук мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан