Жайыл районунда 54 жаштагы адамдын өлүмүнө шектелген кыз кармалды

Жайыл районунда 54 жаштагы адамдын өлүмүнө шектелген кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда 2017-жылдын 8-март күнү саат 21:00 чамасында Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринен 54 жаштагы С.Т. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, маркумдун киши колдуу болуп өлгөнүн аныкташкан. Бул факт боюнча "денеге атайылап оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 24 жаштагы Б.А. аттуу кыз кармалган. Анын айтымында, маркум С.Т. менен уруша кетип, айнек бөтөлкө менен башка чаап жиберген. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ady-88
2017-04-03 18:24:53
Шамал болбосо чоптун башы кыймылдабайт
+2
Ayida
2017-04-03 22:14:22
8 Март нооруз болбогон майрам. Бул майрамда ушундай жаман нереселер болот десе ишенбей майрамдайсынар салтыбыз деп. Эми эмне дейсинер?
-3
Asyl10
2017-04-04 17:21:30
54 жаштагы киши тиги кызындай болгон жаш кызга тийишсе керек, анан ал кыз каршылык корсотуп чаап жиберсе керек да ботолко менен. Ал кыз да соо кыз эмес го чон эле кишини ээрчип жургон болсо. Ой замаааан, кайда баратабыз деги? Же жашы,же карысы бир жерин тыйып,уялбаган доор болуп калды го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан