Ошто Сирия мамлекетинде "Джебхат ан-Нусра" тобунда 3 ай жүрүп келген Ош шаарынын 25 жаштагы тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал Орусиянын Оренбург шаарында автоунаа алып-сатуу менен алектенип жүргѳн маалда эки чечен улутундагы адамдар алдап Сирияга жөнөтүп жиберишкен. Ал өз көрсөтмөсүндө Сирияда 2015-жылы февраль-апрель айлары жүргөнүн билдирип, төмөнкүлөрдү айтып берди.
"Оренбургда жүргөн учурда эки чечен бала менен тааныштым. Алар мага Ислам дини тууралуу көп нерселерди айтып, видеолорду, сүрөттөрдү интернеттен жөнөтүп, жолугушканда телефонунан көп көрсөтүп, Сирияда мусулмандарга жардам берүү керектигин көп айтышчу. Мени барууга тынбай үндөп жатышты. Анан мен акыры барууну чечтим. Билетти да алып беришти. Айтканындай эле мени аэропорттон бир түрк киши тосуп алып, чек арадан Сирияга өткөрүүгө жардам берди. Мен 2 ай машыгуучу лагерде болдум. Лагерде 10го жакын Кыргыз жарандары болгон. Куранды, ислам ибадаттарын, курал атууну, күрөшүү, мушташуу ыкмаларын үйрөттү. Эки айдан соң мени «ганибат» деген топко кошушту, ал топтун максаты бай адамдардын байлыктарын тоноо жана өзүбүздүн командирлерибизге "Ислам мамлекети" үчүн берүү болчу. Ушундай максатта, машыгып бүткөн соң мени дагы эки шеригим менен Түркияга жөнөтүштү. Түркияга келгенде полицияга колго түшүп калдым. Алар мени Кыргыз Республикасына жиберишти", - деди кармалган жаран милицияга.
Ош ШИИБинен билдиришкендей, ал алгачкы иликтөө иштери аяктаган соң УКМКга өткөрүлүп берилмекчи.