Кара-Суу районундагы Кожокелең айылында жер көчкү жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда жер көчкү 1-апрель күнү саат 17:00 чамасында түшкөн. Анын узундугу 100 метр, туурасы 3 метр, бийиктиги 1 метрди түзүп, көлөмү 300 куб метр. Жер көчкүсү колот менен сүрүлүп, 2 турак жайга коркунуч жаралган.
"ӨКМнын райондук бөлүм башчысы, Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин адиси жана айыл аймагынын башчысы 2-апрель күнү жеринде тактоо жана түшүндүрүү иштеринин негизинде кооптуу аймакта турган 1 турак жайдын жашоочулары убактылуу туугандарыныкына көчүрүлгөн, ал эми 1 турак үйдө эч ким жашабагандыгы аныкталган", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.