Ат-Башы районунда эки унаа сүзүшүп, эки адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда жол кырсыгы Ат-Башы районундагы Ак-Жар айылына баруучу жолдо болгон. Анда Ауди 100 үлгүсүндөгү унаа менен Хонда Одиссей үлгүсүндөгү унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен Ауди 100 унаасындагы 2 жүргүнчү жаракат алган. Куткаруучулар кырсыктан жаракат алган адамдарды унаадан чыгарышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен.