Кытайда 31 жаштагы инженер өзүнө жаккан кыз таба албай, соңунда өзү жасаган робот кызга үйлөндү. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда үлпөт той 31-мартта өткөн. Кытайдын Ханчжоу уездиндеги Чжэцзян провинциясынын тургуну, роботторду иштеп чыгуучу 31 жаштагы инженер Чжэн Цзяцзя 2016-жылдын аягында робот кызды жараткан. Инъин аттуу робот кытай иероглифтерин, сүрөттөрдү таанып билет, ошондой эле бир катар сөздөрдү айта алат.
Ойлоп табуучунун үй-бүлө мүчөлөрү жана достору катышкан үйлөнүү тойдо "келинге" кара костюм кийгизишип, башына кызыл шарф салышкан. Той кытай элинин салт-санаасы боюнча өткөрүлгөн. Эми ойлоп табуучу "жубайын" үй чарбачылыгындагы кээ бир функцияларды аткара ала тургандай кылып жакшыртууну пландоодо.