ЖЫЛНААМА, 3-АПРЕЛЬ: "Тамашоучу" Санжар Мыкыев туулган күнүн жакындарынын курчоосунда белгилөөдө

"Тамашоучу", алып баруучу, шоумен Санжар Мыкыев бүгүн, 3-апрелде 28 жашка толду. Аны куттуктап байланышка чыксак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын билдирди.

"Туулган күндү майрам катары деле кабыл албайм. Бирок туугандарым, досторум, жакын адамдарымдын куттуктоолору кубандырып, жакшы маанай тартуулайт. Өздүк майрамымды бүгүн үйдө аш басып, туугандарым менен бирге чакан кылып белгилеп жатабыз", - дейт С.Мыкыев.

Санжар Мыкыев 1989-жылы 3-апрелде Ош шаарында жарык дүйнөгө келген. Түбү Алайдан болот. Оштогу кыргыз-түрк лицейин аяктап, андан соң "Ала-Тоо" университетинен билим алган. Студент кезинде "Тамашоу" Лигасынын "Достук" командасынын капитаны болуп, калың элге таанылган. Кесиби - программист. 2012-жылдан баштап "Тамашоудогу" бир нече командалардын оюнчуларынан куралган "Тамадалар" командасында ойной баштаган. Учурда "Салам, Кыргызстан" телеберүүсүнүн алпаруучусу. 2013-жылы ноябрь айында сүйүктүүсү Наристе менен баш кошкон. Түгөйлөрдүн 2 жаштагы кызы бар.

3-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
RusMos76
2017-04-03 20:19:22
Жапаров Текебаевди сындырса соз эркиндиги жок Акевке тийишпегиле
0
bond02
2017-04-03 22:42:22
Баягы селфи деп эле чарчай берген балабы?
+2
omka100514
2017-04-03 23:50:08
bond02,ооба, селфиде дайыма оозун жаппай тушот экенго, баардык суротторунда тиштерин коргозуп
0
-Sumitra-
2017-04-04 00:51:44
Ошол тиштери да берметтей тизилет го)))
-1
Bishkek.001
2017-04-04 15:52:29
Силердин туулган кунунор эсинерден чыгып калчу эле
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан