Санкт-Петербургдагы жардыруудан улам каза болгондордун арасында Кыргыз жарандарынын бар-жогу такталууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда кырсык болгон жерге элчиликтин кызматкерлери чыгып кетишкен.
Айта кетсек, бүгүн Санкт-Петербург шаарындагы "Сенная площадь" жана "Технологический институт" метролорунда жардыруу болгон. Айрым маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен кеминде 10 адам каза болгон. Ошондой эле 20га жакын адамдын жабыркаганы айтылууда.