Кечээ, 3-апрелде Санкт-Петербургдагы эки метродо жардыруулар орун алган. Орусиялык басылмалардын маалыматтарына ылайык, андан 11 адам каза болуп, 51и жаракат алган. Каза болуп жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары азырынча каттала электигин бүгүн, 4-апрелде Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги билдирди.
Ал эми айрым массалык маалымат каражаттары жардырууну жанкечти-террорист уюштурганын, ал Казакстандын жараны, 1995-жылы туулган Максим Арышев экенин жазып чыгышты. Бирок Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү, каза болгондордун арасында Казак жараны болбогонун, сүрөттөгү адам Максим Арышев эмес экенин билдиришти.
Азыркы тапта "террордук акт" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Ошондой эле жардырууга катыштыгы бар делген эки адамдын издөөгө алынганы белгилүү болду.