УКМК Санкт-Петербургдагы жардырууну уюштурду делген жарандын Кыргыз жеринде туулганын тастыктады

"Кечээ, 3-апрелде Санкт-Петербургдагы метродо жардырууну жасаган жанкечти Орто Азиядан келген", - деп орусиялык басылмалар жазып чыгышкан. Айрым маалыматтарга ылайык, вагондо жардыруучу түзүлүштү иштеткен адам Кыргыз өлкөсүндө туулган өзбек улутундагы Орусиянын жараны Жалилов Акбаржон Акрамжанович (1995-жылы 1-апрелде туулган) болгон.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул жардырууну уюштурду делген жарандын Кыргыз жеринде туулганын "Заноза" басылмасына тастыктады. УКМК учурда орусиялык атайын кызматтар менен иштеп, бардык керектүү маалыматтарды берүүгө даяр экенин билдирди.

Буга чейин жардырууну жанкечти-террорист уюштурганын, ал Казакстандын жараны, 1995-жылы туулган Максим Арышев экени айтылган. Бирок Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү, каза болгондордун арасында Казак жараны болбогонун, сүрөттөгү адам Максим Арышев эмес экенин билдиришкен.

Азыркы тапта "террордук акт" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Ошондой эле жардырууга катыштыгы бар делген эки адамдын издөөгө алынганы белгилүү. Окуядан улам 11 адам каза болуп, 42 адам жаракат алган. Каза болуп жана жаракат алгандардын арасында Кыргыз жарандары азырынча каттала электигин бүгүн, 4-апрелде Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (48)
ady-88
2017-04-04 13:25:36
Иш кылып [moderated] мигрантарга суюк кылып ХХХ кетти ошо
0
Azat.97
2017-04-04 13:27:56
Сарпашев кетсин!!
+3
Zamir0811
2017-04-04 13:29:32
Башка олгон адамдардын оздугу тактала элек,сразу эле жардырган адам Орто Азиядан деп чыгышты,бул пландаштырылган акт болсо керек.
+5
nur123456
2017-04-04 14:46:57
Zamir0811,болуп жаткан митингдерден элдин конулун буруу учун уютурган болушу мункун
+1
ozgeldi
2017-04-04 13:33:26
Мени мн тен экен..шумдукту мен журом мурдуму аарчый албай
+3
Lakyas
2017-04-04 14:23:51
Аии паспорттон улуту деген жерин алып коюшса анда олдуго, кыргыздын калкы эртен эле 15МЛНго жетип калабы? Орусиядагы мигранттардын 60,70%и кыргыз болуп каласа а
+1
admin_portal
2017-04-04 14:28:08
Attila88, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
baiel2015
2017-04-04 15:04:09
Паспортстолду кайрадан МВДга өткөрүп салса жакшы болмок, кайда эмне болбосун кыргыз паспорттору чыгат
0
Dybala.
2017-04-04 15:06:45
Кыргызстанга силердин жаранынар десе тактабай эле мойнуна алган окшойт терорчу табылгыча Азиянын баардыгына куно коюп чыгат экенда Америка кылганы баарына белгилуу
+1
aerforce
2017-04-04 15:08:55
ушул озбектер куйгузду кыргызстанда жашап кыргызды уят кылышып
+6
Nukitaigoo
2017-04-04 15:27:08
Паспорттогу улутту алып койгондун пайдасы . Кыргызды кыргыз-[moderated]ы [moderated] деп жазсак жакшы болоор беле
0
Bubu88
2017-04-04 17:11:48
Ээээээх Кудайым тынчтык берсин элибизге жерибизге баарыбыз тынч бололу ушундай жан кечтилерден Кудайым озу сактасын намаз окумуш болуп динди тутумуш болуп канча адамдын канын тогушту
0
Timon
2017-04-04 17:17:26
өлдүго баары эле бизде туулуп кеткенби?? ырчысы деле террору деле..тажаттыго булар...
+3
AzKumFerDan
2017-04-04 19:09:35
Атын чыкпаса Жер Орто дегени ушуда .Кыргыздын уят кылган айбан десе
0
ziko_kt
2017-04-04 20:45:39
мен саартан бери актанып отурам ошол озбектин айынан коллективимдин алдында. жун баш дейсинер, ушунча кыргыз ушуларга батып, иш таап, бала-чака, тууган урукту багып атабыз, абайлап суйлосонор, суу ичкен кудукка тукурбой. мага жун баш дегидей булар жакшылыгынан башка эчтекесин коргозгон жок. деги заманыбыз тынч болсо экен.
+1
ziko_kt
2017-04-04 20:47:26
Кайра байкуштар мени сооротуп, муну кылган адам ХХХ, андайлар улут тандабайт, сен эмне озуно алып алдын деп сооротуп журушот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан