Өткөн суткада Кыргызстанда 8 өрт кырсыгы катталганын бүгүн, 7-майда ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаев билдирди. Белгилүү болгондой, Бишкек шаарында 3, Чүй облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1 жана Ысык-Көл облусунда 2 тилсиз жоо болуп өттү. Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев көчөсүндө жайгашкан №97-үйдөн өрт чыгып, 1962-жылы туулган К.К. түтүнгө ууланып аймактык ооруканага жеткирилди. Өрт мас абалында тамеки чегүүдөн келип чыкканы айтылууда.