Экс-прокурор Канжар Кадыралиевге нааразылар президентке кайрылуу жасашты (видео)

Бишкекте бүгүн, 4-апрелде экс-прокурор Канжар Кадыралиевге нааразы жарандар маалымат жыйын өткөрүүдө.

Өзүн жабырлануучу деп тааныштырган Мирлан Жолдошов президентке кайрылуу жасады.

"Ош шаарында өзүмдүн ашканам бар эле. 2013-жылы Кадыралиевге ижарага берип, кийин аны өзүнө өткөрүп алган. Үйүмдү да тартып алды. Мени куугунтуктап, мен Орусияга качып кеткем. Мунун үстүнөн арыз түшкөндөн кийин кайтып келгем. 3 жылдан бери сот иштери жүрүүдө. Президентке кайрыларым, сот ишинин адилеттүү аякташына көзөмөлдүк кылып берсеңиз, жалгыз үмүтүбүз сизде", - дейт Жолдошов.

Канжар Кадыралиевдин башка былык иштери боюнча далилдер бар деген М. Жолдошов буларга токтолду: "Мендеги диктофондо бардык сүйлөшүүлөр жазылып калган. Сакалчандар келип мени кантип коркутуп жатканы жазылган. Башка далилдерди айткандан коркуп жатам, анткени Кадыралиев үй камагында. Камакта болсо башка кеп эле. Мен кайра-кайра маалымат жыйын берип башым ооруптурбу? Менин мүлкүмдү кайтарып берип койсун, соттон баш тартам".

"Буга чейин сотто Канжар Кадыралиевди кечирдим деп айткам. Эмне үчүн? Анткени мени кылмыш дүйнөсүнүн балдары ошентип айтууга мажбурлаган. Сотто ал балдар менин артымда отурган, видеолордон көрсөңөр болот. Балдарымдын коопсуздугу үчүн аргасыз болгон элем".

"Канжар Кадыралиев кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрүн жиберип коркутуп жатат. Өзү жолукпайт, жолукса ачыкка чыгып калам деп коркот. Сакалчан молдолорду жиберип жатат, ал молдолор мурда кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү болушкан".

"Эгерде Канжар Кадыралиев эркиндикке чыгып кетсе, башка иштерди да айтып чыгам. Менде жетиштүү далилдер бар. Мен өз сөзүм үчүн жоопкерчилик тартууга даярмын. Ал эми бизди журналист Жанар Акаевге пара берди деген маалымат жомок. Кадыралиевдин жомокторун уга берип өзүм да жомокчу болуп кетмей болдум".

Эске салсак, Башкы прокуратура 2014-жылдын 30-сентябрында, 14-ноябрында жана 5-декабрында Канжар Кадыралиевге карата “бейбаштык”, “өзүм билемдик” жана “зомбулук көрсөтүү менен талап кылуу” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, ээлеген кызматынан бошоткон.

Андан соң Ош шаардык соту аны камакка алуу чечимин чыгарып, издөө жарыялаган. 2015-жылдын 26-мартында Кадыралиев Башкы прокуратурага өз эрки менен келген, андан кийин ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы жарыяланган. Соттун алгачкы инстанциялары Кадыралиевди үй камагына чыгаруу чечимин чыгарган.

Жогорку Сот 2016-жылдын 27-январында айыпталуучу Канжар Кадыралиевди үй камагында кармоо боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

"Канжар Кадыралиев кафе, үйүмдү тартып алды"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
panda7
2017-04-04 11:26:45
Э Нааразы болбой олгулоо.Ош Бишкек жолунда болуп жаткан көйгөйдү түз эфир кылып жеткирсенер бирини бирин чукуй бербей.Канчалаган жаш омурлор кетип атат
-17
MAKALAK
2017-04-04 11:37:36
panda7,не болуп атат ош бишкекте
+5
Seryi-Kardinal
2017-04-04 11:39:36
MAKALAK,miting,piket bolup atat
-7
MAKALAK
2017-04-04 11:42:56
Seryi-Kardinal,олуп кетишсин
Ал жанылык эмес адат
-5
Satana
2017-04-04 11:49:17
Эми аша Жанар Акаевге каршы чыгып, канжар кадыралиевди актап салат эмеспи
+11
Satana
2017-04-04 11:51:44
panda7
Апенди экенсинго
+1
panda7
2017-04-04 12:38:38
MAKALAK,ар күнү авария
+1
MAKALAK
2017-04-04 11:39:30
Канжар чон акча таштаган го
Дагы деле эркиндикте.Сотко берсе деле жаап коюп атат
+11
Makain
2017-04-04 13:15:40
Эми муну Жанар Акаев уйуштуруп жатат 3жылдан бери эмне кылып журдун. бири биринерди чукубай Жанар Акаев элге кызмат кылсан боло сени таза саясатчы десе артын таза эмес тура.Жол маселесин чечип берсен боло кооз суйлобой.
-9
evra_kg
2017-04-04 18:22:51
канжарды каматасынар мейли эми абайлагыла
+1
Bubu88
2017-04-04 23:23:01
тообо бири бүтпөй атып экинчиси башталат го эки экиден кырчылдашып олгуло эми
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан