ЖЫЛНААМА, 4-АПРЕЛЬ: Бүгүн адам сындуу жылмайганды билген жана түш көрүү жөндөмүнө ээ келемиштердин күнү

Келемиштер - сүт эмүүчүлөрдүн арасында күлгөндү билген жалгыз жаныбар экенин билчү белеңиз?

4-апрелде дүйнө жүзүндө өзгөчө майрамдардын бири - Бүткүл дүйнөлүк келемиштер күнү белгиленет. Бул күн аталган жаныбарга көңүл буруу жана жер жүзүндөгү декоративдүү келемиштердин сүйүүчүлөрүн бириктирүү максатында 2003-жылы негизделген.

Келемиштер дагы адамдар сыяктуу түш көрүшөт

Ал эми аталган майрамды түзүү идеясы Америкадагы келемиш багуучуларга таандык. Бул күндү 4-апрелде белгилөө чечими - декоративдүү келемиштерге арналган ratlist деп аталган мурдагы интернет ресурстун ушул күнү иштеп башташына байланыштуу кабыл алынган.

Келемиштердин тиштери өмүр бою өсүп тургандыктан, тиштерин кайроо үчүн дайыма бир нерсени кемирип жүрүшөт.

Индуисттердин храмында келемиштерди ыйык жаныбар деп эсептешип, аларга сүт беришет.

  • Айрым маалыматтарга караганда келемиштер Жер планетасында адамдардан 48 миллион жыл мурун пайда болгон.
  • Орточо эсеп менен алганда, жер жүзүндөгү бир адамга эки келемиш туура келет.
  • Адамдын жана келемиштин муундары бирдей түзүлүштө, сөөктөрүнүн деталдарынын саны бири-бирине барабар.
  • Өңү боз келемиштер 80 сантиметр бийиктикке чейин секире алат. Агрессивдүү болуп турган учурда 2 метрге чейин секирет.
  • Бул жаныбардын жүрөгү мүнөтүнө 500 жолу согот.

4-апрелге карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
RusMos76
2017-04-04 15:02:27
Тушун ким коруптур эми келемиштин
+7
Sema87
2017-04-04 15:20:12
Ужас сут бергенин кара
+1
Dybala.
2017-04-04 15:20:59
Сут ичип жаткандарды ак уйдогулорго окшоттум
+1
Kroxa
2017-04-04 16:50:16
Туш коргонун кантип далилдешиптир кененирээк жазып койсонор болмок..
+4
Талант
2017-04-04 17:29:36
Бир жолу календарды кызыл менен белгилеп эле коюшпаптыр да
+1
Bubu88
2017-04-05 12:46:28
Менин өмүрүмдогу эң жаман көргөн жийиркеничтүү жаныбар ушул көрсөм уксам денем калтырап чыгат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан