3-майда укук коргоо кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүү фактысы боюнча сырттан соттолгон Тажикстандын жарандары Бишкектен кармалышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет. Кармалгандар 1991-жылы туулган Шерали Муродов менен 1977-жылы төрөлгөн Сайфуло Кубатов. Алар 2012-жылдын сентябрь айында Тажикстандын борбор шаарында бир адамды өлтүрүп коюшкан. Андан соң из жашырып кеткен кылмышка шектүүлөрдү тажик соту сыртынан соттогон. Колго түшкөн кылмышка шектүүлөр учурда Бишкек шаардык ИИББинин убактылуу кармоочу жайында.