СУПЕРСТАН: "Ушундай да ыр болобу деп кайсы ырды укканда кыжырыңыз келет?"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыжырыңызды келтирген ыр" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Аяшым, ай, аяшым, ай" деп сиӊдим ырдап жатса, "тантырабачы!" деп урушкан элем. Кийин коомдук унаада кетип бара жатсам ушул ырды ырдап жатат. "О мээң менен жерге кир" дедим ичимден".
"Койкоюп тосуп төшүӊдү, койнуңа чакыр өзүмдү" деген ыр бар го, ырдаган киши Дон Жуан болсо керек".
"Бегиштин ырлары жакшы эле башталат, анан бир убакта "ээу, бул деген мен - Бегиш, билдиңби?!" деп кыйкырып баштаганда өчүрүштөн коркуп кетем, мен эле мен деп жатса".

"Эки жаздык коюп жаттым, бирине өзүм жаттым, экинчисинде сен жок" деген ыр бар экен. Ушул ырды угуп калсам аллергиям козголуп, башына бир чапкым келет да".

"Аттиң арман, кызды неге жаратты экен, жаратып бул дүйнөгө таратты экен. Ушул ырды ырдаган кызды жаактан ары чапкым келет".

"Айгерим Расул кызынын "Кой, үка, кой" деген ыры бар го. Укканда тим эле "ырахат" аласың. Ушундай ырлардан көрө ырдабай эле коюшпайбы?"
"Бир ырдын бир сабы эле жаккан жок, автору ким экенин билбейм. Ал мындай: "Кечинде келемин сага" - дейт, аял киши. Кечинде аял кишиге балээ барбы дейм да, андан көрө жат үйүңдө..."
"Добрдун бир тантырак ырын уккам, ал ырдын сабында мындай жери бар "Манас менин гана атам" деген. Эми ушул кантип сөз болсун? Негизи эле ошол баланын ырлары кыжырыма тие берет".
"Лиранын "Жашоо керемет" деген ырында "бир тепкичке чыксаң, бир тепкич калат" деген ырына аллергия болом да, мээмден көпкө кетпей, кыжырыма тийип жүргөн".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (61)
Baburb
2017-04-04 20:43:20
Болсо дагын негр анын атасы кыргыз екен ал баланын апасы. Болуп калмак кыргызымдын баласы. Ютую(наристенин ыйы) оозуна ХХХ
+2
Ibragim10
2017-04-04 21:18:13
Азыркы ырчылардын 90% кыжырды келтирет
+2
Nur00
2017-04-04 21:40:51
аша ырдаганда кыжырым келет.
+3
Nevestkaa
2017-04-04 22:15:00
Ким ырдаганын билбейм :Аркалыкпы Ош бекен ,мени салып ойнотоор арабасы бар бекен деген саптары бар ырды уксам болушунча боп кетем да.
+4
Aidani
2017-04-04 22:18:51
Алмаз Шаадаев деген баланын ырлары жакпайт жаным ай денени айрыкча ичи ооруп ырдагансыйт
+3
aika0906
2017-04-04 23:33:12
Анан да бир ыр бар Бизге окшош балдарды жетелеп журсок кандай бакыыыыыт деп
+1
Elcinor
2017-04-05 00:36:50
Арсен ырдап жатканда ХХХ кетейин деп токтопкалат,анан кайра кайра ошондой болот.
+2
Elcinor
2017-04-05 00:37:47
Айгерим деле ХХХ ырдай берет.
+1
admin_portal
2017-04-05 10:19:36
Elcinor, Baburb, evra_kg,
1. Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуздар!
2. Этика нормаларын сактаңыздар!
Оозеки эскертүү!
+1
Rasul94
2017-04-05 00:57:41
Улан Ташкожоевдин бир ыры бар го разан сайга баралы.салкын жерди табалы.матрасты алалы.олгучокту обушуп анан кийин кайталы деген ырын уксам...кысказы аман эле болсун
+3
Aima94
2017-04-06 03:23:37
Rasul94,Тынар байке айткан тамашасы го кулуп олгом
0
Rasul94
2017-04-05 07:38:45
келин келгенский чайдан куйганский кайнатасы менен кайненесин семиртип баккан имиш ушул кантип болсун.э мага чын журоктон баарыбир.
+4
Batma.Sh
2017-04-05 17:37:29
Мага Кыргызстанииим деп ырдагандары жакпайт.Ы тамгасынынын ордуна И ни айткандарына.
+1
zhumagul89
2017-04-05 18:52:56
Келин келгенскийди уксам аллергия болом жоктон тапкандай
+1
Rasul94
2017-04-06 16:38:57
туфли туфли деген да ыр бар го уккун келбейт
0
Rasul94
2017-04-23 19:02:29
ысык колдун жээгинде биз отурдук сырдашып.кучакташып обушуп конул ачып биз журдук ха ха
0
Rasul94
2017-09-05 12:56:58
6 жарым 7жарым 8 жарым 9 жарым 10жарым 11 жарым. ..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан