2017-жылдын 4-апрель күнү саат 05:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылында жар кулап, жанында жайгашкан турак үйдүн арткы дубалын бузуп түшкөн. Көлөмү болжол менен 100 метр куб. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Ал учурда үйдүн ичинде эч ким болбогондуктан жабыркагандар жок. Ал эми жашоочулары туугандарынын үйүнө көчүрүлгөн. Окуя болгон жерге тактоо үчүн ӨКМнын Аксы районунун башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кетти. Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат маалыматта.