ЖЫЛНААМА, 5-АПРЕЛЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев 44 жашка толду

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев 44 жашка толду.

Төрөбаев Бакыт Эргешевич 1973-жылы 5-апрелде Жалал-Абад шаарында туулган. Жогорку билимдүү.

1999-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетинин экономика факультетин финансы жана кредит адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек ишмердүүлүгүн 1995-жылы АЗС курууга жана күйүүчү-майлоочу майларды сатып өткөрүүгө адистешкен өндүрүштүк-коммерциялык “Жамиля жана К” фирмасында директор болуп иштөөдөн баштаган.

1998-1999-жылдары айыл чарба продукциясын өндүрүүчү “Азия-Сузак” дыйкан чарбасынын төрагасы, ал эми 2000-2007-жылдары “Мариям” ун комбинатынын башкы директору болуп эмгектенген.
2007-2009-жылдары Бакыт Төрөбаев IV чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, 2009-2010-жылдары Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри болгон.
2010-жылы “Республика” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган.
“Республика” парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары, 2013-жылдын мартынан баштап “Өнүгүү-Прогресс” депутаттык тобунун лидери болгон.
2015-жылдан тарта "Өнүгүү-Прогресс" саясий партиясынын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты.
5-апрелге карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан