Жыл сайын 5-апрелде дүйнө жүзүндө Эл аралык шорпо күнү белгиленет. Мурунку замандарда эгерде үйдө шорпо жасалбаса, ал үй-бүлө кедей деп эсептелген. Шорпонун адамдын ден соолугу үчүн маанисин баса белгилөө максатында аталган майрам негизделген. Тарыхчылардын айтымында, бул тамактын рецепттери биздин заманга чейинки биринчи кылымда эле бар болгон. Ал эми шорпо алгачкы жолу байыркы Азияда жасалган.
Орустардын "суп" (шорпо) сөзү французча "soupe", латынча "suppa" деген сөздөрдөн алынган, кыргызчага которгондо кайнатмага же бульонго чыланган нан дегенди билдирет. Дүйнө жүзүндө шорпонун миңден ашык түрү бар.