1-январдан 5-майга чейин борбор шаарда балдар катышкан 134 жол кырсыгы катталган. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, анын кесепетинен 1 бала каза таап, 145 бала жаракат алган. 2012-жылдын ушул маалына салыштырмалуу жол кырсыктары 59,5 пайызга өскөндүгү белгилүү болду.