Paperboyo аты менен таанылган англиялык сүрөтчү Рик МакКор белгилүү жерлерди кара картондун жардамы менен укмуштуудай кылып өзгөртөт.
МакКордун сүрөттөрү ажайып жайларды жана айкелдерди күтүлбөгөндөй көрүнүштө көрсөтөт. Картондон кесилген фигураларды жана камераны керектүү бурчтукта кармап сүрөткө тарткан МакКор анын кичинекей чыгармасы чоң экенин көргөзөт. Ошентип Колизейде осьминог пайда болсо, Давид Микеланжелонун айкели ич кийимчен болуп калган.
Анын иштери жеңил көрүнүшү мүмкүн, бирок ар бири кылдат иштелип чыккан.
"Мисалы, мен Нью-Йоркко бара жатсам, шаардын сүрөттөрүн көп чыгарам. Анан карандашты алып идеяларымды тартам. Идеям ишке ашарын түшүнсөм, картонду кесип даярдап коём. Бирок жеринде эргүү келип калышы да мүмкүн, андыктан жаныма дагы картон, кайчы алып алам", - деген МакКор.
Анын Instagram баракчасына 250 миңдей адам жазылып, чыгармаларын көрүп турушат.