Сынса да кайра калыбына келүүчү, смартфондун айнегине ылайыктуу материал АКШда ойлоп табылды

АКШнын Риверсайд шаарында жайгашкан Калифорния университетинин химиктери өзү кайра калыбына келүүчү, электр кубатын өткөрө турган материал жасашты. Ойлоп табууну смартфондорго дисплей катары дагы колдонсо болот. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка караганда изилдөөнүн башкы автору Чао Ван Америкалык химиялык коомдун 253-Улуттук жолугушуусунда болгон көргөзмөдө жаңы материал тууралуу маалымат берген. Анын айтымында, эгерде аны жарымынан экиге бөлүп айрып салса, анын толугу менен кайра калыбына келиши үчүн бир күнгө жетпеген убакыт кетет. Ошондой эле бул материал өзүнүн узундугунан 50 эсе көбүрөөк чоюла алат. Материалдын негизинде ион-диполдук байланышы бар. Мындан улам эгер ал зыян тартып же сынып калса, молекулалар бири-бирине жакындап, үстүнкү бети кайра калыбына келет.

"Бул ойлоп табуу жакынкы арада мобилдик телефондордо дагы колдонулат деп ишенем. Ал 3 жылдын ичинде сатыкка чыгып, биздин күндөлүк жашообузду өзгөртөт", - деп билдирген Ч. Ван.

Жаратуучулардын айтымында, материалды смартфондордон сырткары робот техникасында жана биосенсорлордо колдонсо болот. Инновациялык материалды иштеп чыгуу идеясы кайра калыбына келүү жөндөмүнө ээ комикстердин каарманы Росомахадан улам келип чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
uli89
2017-04-05 13:28:08
Жакшы экен
0
mirkaa5182
2017-04-05 13:29:03
Жакшы жаңылык го технология жаатында, телефондорубуздун экраны сынбай калат экен да.
+3
1Adilet1
2017-04-05 16:17:38
Машина чыргаргыла
0
meni_kut
2017-04-05 17:08:44
рактын дабасын тапкылачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан