Бүгүн, 5-апрелде парламентте депутаттар борбордук жылытуу системине кошулган шаарлар менен тоолуу аймактарда жашагандардын электр жарыгына бирдей баада төлөшү туура эмес экенин айтышты.
"Кыргызстан” фракциясынын депутаты Алмазбек Эргешов: "Ош, Бишкек шаарына окшогон борбордук жылытуусу, жаратылыш газы бар жашагандар менен тоолуу аймактагылар үчүн электр энергиянын тарифи бирдей болгону туура эмес. Мисалы, Орусияда, Казакстанда чоң шаардагылар жарыктын баасы жогору болот. Эмнеге ушундайга өтпөйбүз?" - деди.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов ар ким өзүнүн жашаган шартына жараша акча төлөш керек экенине токтолду. "Айылга ысык суу, жылуулук киргизе албагандан кийин электр энергиясына шаардагыдай баа менен төлөгөн туурабы?" - деп суроо узатты.
Улуттук энергохолдинг компаниясынын директору Айбек Калиев мыйзам боюнча бирдиктүү тариф каралганын айтып, азыр өзгөртүү мүмкүн эместигин билдирди. Ошону менен бирге келечекте жогоруда айтылгандай тариф болушу ыктымал экенин кошумчалады.