Египетте биздин заманга чейинки XVIII-XVII кылымдарга таандык пирамида табылды

Египеттик археологдор Каирдин жанындагы Дахшур аймагында фараондордун XIII династиясына таандык (биздин заманга чейинки XVIII-XVII кылымдар) пирамиданын калдыктарын табышты. Бул тууралуу Египеттин эстелик иштери боюнча министрлигинен кабарлашканын Риа Новости басылмасы жазып чыкты.

Курулуштун калдыктары белгилүү "Снофру" пирамидасынын түштүк тарабында табылган.

"Табылган бөлүктөрдүн абалы жакшы, археологиялык миссия пирамиданын башка бөлүктөрүн табуу үчүн ишин улантат", - деген министрликтин Каирдеги жана Гиза боюнча борбордук башкармалыктын жетекчиси Аля аш-Шахат.

Маалыматка ылайык, бул бөлүк пирамиданын ичине киргизчү өтмөк болушу мүмкүн. Ошондой эле археологдор 17-15 сантиметрлик иероглифтери менен алебастр табличкасынын бөлүгүн табышкан.

Дахшур Каирден 26 чакырым алыстыкта жайгашып, египеттик фараондордун көрүстөнү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан