"Медиа-портал" бөлүмүндөгү колдонуучулардын купулуна толуп, жагымдуу билдирүүлөр айтылган клип - Айпери Кулбаеванын "Боз торгой" ырынын клиби. Ырчы клипти тартуу иштерине кийлигишпегенин, баарын ишенип режиссёрдун колуна тапшырганын айтат.
"Клиптин сценарийи Замир Жашасын уулуна таандык. Ал "эже, ушул ырыӊыз мага жагат. Менде бир идея бар. Ошонун негизинде клип тарталы" деп калды. Анын айткан сценарийи, ою мага жаккандыктан макул болдум. Тартуу иштерине кийлигишкен жокмун, болгону мен ырдачу жерлерде барып ырдап койдум.
Жыйынтыгы жаман болгон жок, жеке өзүмө жакты, купулума толду. Тилекке каршы, анда кайгы, өкүнүч көрсөтүлгөн, форматка туура келбейт деп телеберүүлөрдөн көп кеткен жок. Бирок социалдык тармактар, интернет аркылуу кенен тарап, көрүүчүлөр жакшы пикирлерин айтышты", - дейт ырчы А. Кулбаева.
Айпери Кулбаеванын "Боз торгой" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.