Грузиянын "Adjara Group Hospitality" мейманкана компаниясы өлкөдөгү алгачкы авиатакси кызматын ишке киргизди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кечээ, 5-апрелде жазып чыгышты.
5 жүргүнчүгө ылайыкташтырылган америкалык "Beechcraft King Air" чакан учагы эми саякатчыларды аэропортко жеткирип турат. Кийинчерээк учакты көп жүргүнчүгө ылайыкташтыруу аракеттери көрүлөт. Мындай авиатаксиде саякаттоо катталуу үчүн көпкө чейин кезек күтүү түйшүгү жок экендиги менен айырмаланат.
Авиатакси Тбилисидеги эл аралык аэропорт менен өлкөдөгү башка аба күчтөрүнө ылайыкташкан жайларга чейин кызмат кылат. Ошондой эле ал чет өлкөгө чейин, тагыраагы, жакынкы Ереван, Баку, Стамбул, Трабзон (Түркия) жана башка шаарларга чейин уча алат.
Жүргүнчүлөр аэропортко болгону керектүү документтерди толтуруу үчүн учак учарына 10-15 мүнөт калганда келиши зарыл.