Бүгүн, 6-апрелде парламентте КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков "эркелеп келген министр эртелеп кетчү эле" деп транспорт министринин ишине нааразы болду.
"Бишкек-Кара-Балта жолунун азыркы абалы араба менен араң жүрөсүң. Жолду февраль айында, кычыраган суукта жамап жатканын көрдүм. Жамаганга ким уруксат берди деп сурасам, көрсө, өкмөт башчыбыз Таласка бармак экен. Азыр эми күн жылып калганда ал жолдор чуңкур болуп турат. Транспорт министри бизде "монстр" болду чакырсаң келбейт. Комитет эмес парламент жыйынына келбейт. Бизде транспорт министри тендер менен келет, кайра тендер менен кетчү эле", - деди ал.
Мындан тышкары депутат жаңы жол курууда аймактык тең салмактуулук болбой жатканын айтты.
"Менин колума Транспорт министрлиги сунуш кылган, Каржы министрлиги какайтып бекиткен, өкмөт уруксат берген быйылкы 2017-жылы мамлекеттин бюджетинин эсебинен салына турган жаңы долбоорлордун тизмеси келип түштү. 40 долбоор каржылык колдоого алынып, 262 миллион сом акча бөлүнөт экен. Тизмени карасам 11 долбоор Жалал-Абад облусуна, 15 долбоор Ош облусуна, 2 Нарын облусуна, 1 Ысык-Көл облусуна, 1 Талас облусуна берилиптир. Ошондо 65 пайыз каражат 2 облуска, 10 пайыз 3 облуска берилген экен. Муну кандай түшүнсө болот? Аймактык тең салмактуулук деген кайда? Же Талас, Нарын, Ысык-Көл облусунун жолдору жаркырап калганбы?" - деди Рыскелди Момбеков.