"Ата Мекендин" адвокаттарына ачылган кылмыш иши боюнча президенттин Жогорку Кеӊештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев билдирүү жасады. Парламентте 6-апрелде депутат Наталья Никитенко адвокаттарга иш ачылышын сындаган эле.
Абдылдаев депутат Өмүрбек Текебаевдин жактоочулары Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизге кылмыш иши ачылып, тергөө жүрүп жатканынан кабардар экенин белгиледи. Тергөөгө кийлигише албай турганын айткан президенттин өкүлү: "Аталган жарандар мамлекеттик кызматкер экенин унутпоо керек. Токтакунова да, экинчиси да "Ата Мекен" партиясынын катчылыгында иштейт. Мамлекеттик кызматкердин адвокаттык менен алектенүүсүнө жол берилбейт. Андыктан алардын азыркы жүргүзүп жаткан иши мыйзамга каршы келет", - деди.
Никитенко президенттин өкүлүн ыйгарым укуктарынан чыкпоого чакырды.
"Ушуну менен экинчи жолу президенттин өкүлү менин сөзүмө комментарий берип жатат. Биринчиси, соттук реформа боюнча, экинчиси, адвокаттар боюнча пикиримден кийин. Жогорку Кеӊештин депутатынын статусу жөнүндө мыйзамга ылайык, өз пикиримди билдирүүгө укуктуумун. Менин сөзүмө комментарий берүүнү токтотуӊуз, ыйгарым укуктарыӊыз менен жакшылап таанышып алыӊыз. Мен парламенттин "Ар кандай маселелер" саатында спикерге, өкмөттүн өкүлүнө кайрылып жатам. Спикерге кайрылам, жыйында депутаттардын укуктарын коргоӊуз", - деди Никитенко.
Мындан кийин Абдылдаев депутатка түшүндүрмө берүүгө киришип, бирок спикер Чыныбай Турсунбеков президенттин өкүлүнө сөз берилбегенин айтып анын микрофонун өчүрдү.
Белгилей кетсек, адвокаттар Таалайгүл Токтакунова менен Канатбек Азизге "жалган билдирүү жасоо" боюнча айып тагылып, кылмыш иши козголгон. Алар 4-апрелде Ички иштер министрлигинде сурак берип чыгышты.