Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-апрелде иш сапары менен Ош облусуна барды. Ал "Ош" эл аралык аэропортундагы жаңы аэровокзалдык комплекстин ачылышына катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда буга чейинки аэровокзалдын комплексинин аянты 5000 чарчы метр болсо, азыр 7160 чарчы метр болду.
Премьер-министр эл аралык транзитте Кыргыз өлкөсүнүн потенциалы жогору экенин айтты.
"Өлкөнүн Борбордук Азиянын так ортосунда жайгашышы географиялык жактан пайдалуу. Бул потенциалды ишке ашыруу үчүн аба, темир жолу жана унаа жолунун инфраструктурасын өнүктүрүү керек. Улуу Жибек Жолунда Кыргыз мамлекети дүйнөгө туризм, инфраструктурадагы мүмкүнчүлүктөрү бар өлкө катары таанылышы керек. Ош шаары Улуу Жибек Жолунун тарыхында маанилүү ролду ээлейт. Анын тарыхый маанилүүлүгүн кайра калыбына келтиришибиз зарыл", - деди Сооронбай Жээнбеков.