Жогорку Кеңештин депутаттары Аида Касымалиева жана Айнуру Алтыбаев иш сапары менен Монголияга барышты. Бул тууралуу 6-апрелде Аида Касымалиева билдирди.
Маалыматка караганда эл өкүлдөрү жогоруда аталган өлкөнүн парламентинин депутат айымдары менен жолугушууларды өткөрүшкөн. Анда аялдар үчүн саясаттагы тоскоолдуктар, Монголияда 2016-жылы өткөн шайлоонун жыйынтыктары, аялдардын мыйзам чыгаруучу катары мүмкүнчүлүктөрү жана көйгөйлөрү талкууланды.
Мындан сырткары депутаттар Монголия аялдарынын фонду, Лидерлер фонду жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушушкан. Депутат А.Касымалиеванын айтымында, Улан-Батор шаардык кеңешинде иштеген айымдар жана Улуттук гендерлик комитеттин өкүлү менен жолугушуу болот.